Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Кыргызстандыктар Түштүк Кореядагы мелдеште


БИШКЕК. Грек-Рим күрөшү боюнча Азия биринчилигине Кыргызстандын туусун 5 балбан көтөрүп барып мөрөй талашууда. Килем үстүндөгү күч сынашууда жеңил салмакта Замир Бейшенбеков, 55 килограммда Улан Темирбеков, 60 кг. салмактагы Данияр Ибраимов, 66 килограммда Канат Бөдөшев жана 84 кг салмактагы Куралбек Ордобаев өлкөнүн намысын коргоп жатышат. Беш балбандан былтыр Куралбек Ордобаев уландар арасында Азия чемпиону аталган. Жаш спорт чеберлерин Азия биринчилигине өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Раатбек Мамбетов баштап барды. Мелдештин жеңүүчүлөр 9- июнда аныкталат.

XS
SM
MD
LG