Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

К.Апас: «БШК мага бут тосууда»


БИШКЕК. Кыргызстандын президенттигине талапкер болом деген Кубанычбек Апастын айтымында, Борбордук Шайлоо комиссиясы аны атайылап эле талапкер катары каттабай жатат. Мындай пикирин ал «Азаттык» радиосуна 7-июнда билдирип, ага БШКнын 50 миң атуулдун колун чогултууга уруксатты 25-майда гана бергендиги жана чогулткан колун каттабай жаткандыгы далилдээрин билдирди. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын башчысы Нина Мухина Кубанычбек Апас болгону 3 облустун аймагынан 5 миң 929 адамдын колун чогулткандыгын жана талапкерликке зарыл документтерди берүү мөөнөтү 5-июнда бүткөндүгүн билдирди. Анын айтымында, Кубанычбек Апас 100 миң сомду күрөөгө коюу талабын дагы аткарган эмес.

XS
SM
MD
LG