Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Инвестициялык форум болот


БИШКЕК. 8-9-июнда Бишкекте «Кыргызстан инвесторлорду чакырат» аттуу инвестициялык форум болот. Форумга Россия, Израил, Казакстан, Индия, Грузия, Украина, Франция, Англия жана башка өлкөлөрдөн ишкерлер келет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, форумга Грузиянын экономика министри, белгилүү ишкер Каха Бендукидзе, ал эми Израилден айыл чарбасына адистешкен «Феноман» компаниясы келмекчи. Форум президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиевдин демилгеси менен өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG