Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

Улуттук электр станциялар жетекчиси иштен алынды


БИШКЕК. «Улуттук электр станциялар» акционердик коомунун башчысы Мырзатай Султаналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу энергетикалык коопсуздук боюнча президент өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Бишкек ТЭЦине мурдагыдай эле көмүр эмес, күлбото ташылып жаткандыгына байланыштуу «Улуттук электр станциялар» акционердик коомунун жетекчиси кызматтан алынарын өткөн жума соңунда ишкерлер менен жолугушууда билдирген эле. Маалыматка караганда «Улуттук электр станциялар» акционердик коомунун жетекчилигине Сапарбек Балкыбеков дайындалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG