Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

Кыргызстанда баңгилер көбөйүп баратат


БИШКЕК. 7-июнда Бишкекте «Кыргызстан: келечекке баңгизатсыз» деген республикалык конференция болду. Ага катышкан президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев өлкө аркылуу өткөн баңгизатынын 2-3 гана проценти кармалып жаткандыгын белгилеп, ага тартип коргоо органдарынын коррупцияга баткан кызматкерлеринин такыр жылбай калгандыгы башкы себеп деп билдирди. Анын айтымында, тартип коргоо органдары баңгичилик менен күрөшүп жаткандай гана түр көрсөтүшөт. Ушундан улам Кыргызстан баңги соодасы өткөн өлкө эмес, аны пайдалануучулардын өлкөсүнө айланып баратат деп, бардык мекеме, уюмдарды баңгичиликке каршы күрөштү күчөтүп, жумушсуздукту жоюуга жана спортту жандандырууга милдеттендирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG