Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Өзбекстандын бийликтери эл аралык Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө Анжианга киргенге кайрадан уруксат бербей коюшту


Уюмдун Женевадагы кеңсесинде таркатылган билдирүүдө айтылгандай, Кызыл Чырымдын өкүлдөрү өткөн айдагы калаймандан кийин камалган же жарадар болгондордун абалына байкоо жүргүзүү, аларга жардам көрсөтүү максатында Анжианга барууну көздөшкөн эле. Бирок алардын сунушуна жергиликтүү бийликтер ак деп да, көк деп жооп беришкен жок. Ушул эле күнү HRW уюму доклад жарыялап, майдагы калайманда аскерлердин огунан экстремисттер эмес, жалаң жайкын калк кырылган деп билдирди. Уюм окуянын ондогон күбөлөрү берген көрсөтмөлөргө негизденет.

XS
SM
MD
LG