Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:47

КАРАКЕЧЕДЕ КЫРДААЛ КУРЧ: КӨМҮР КАЗУУ ТОКТОП ТУРАТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Жумгал районунун миңге жакын тургуну 6-июндан бери Каракече көмүр кенин ээлеп турушат. Жумгалдыктар Акаевдин тушунда көмүр кенин ээлеп алган фирмалар жер байлыгын талап-тоноп, оор жүк ташуучу автоунаалары менен жолдорду бузууда деп бир нече талаптарды коюшууда. Мамлекеттик кызматкерлерден жана бул тармактагы адистерден турган өкмөттүк комиссия шашылыш Каракечеге барды.

Каракечедеги көмүр казган беш фирманын иши 6-июндан бери токтоп турат. Жумгал районунун бир нече айылдарынын 3 миңден ашык тургундары Каракечени басып алып, жолдорун бууп алышкан. Жумгалдыктар Аскар Акаевдин тушунда кенди иштете баштаган бул фирмалар элдин кызыкчылыгын четке кагып, жумушчуларды негизсиз иштен бошотуп, жада калса жолдорду оңдотуп койбогонун айышууда.

Бул нааразылык чараларды уюштуруп жаткан «Жоомарт» аттуу кыймылдын лидерлеринин бири Урмат Муслим уулу жергиликтүү калктын талабын «Азаттыкка» мындайча билдирди:

- Аскар Акаевдин режиминде бийликтин колдоосу менен бул фирмалар элдин жана өкмөттүн карамагындагы кенди басып алып, өз кызыкчылыгына пайдаланып келишкен. Жумгалдын көмүрүнүн арты менен байышты. Камчыбек Жолдошбаев болсо Жумгалдын көмүрүнүн арты менен депутат да болду. Жумгалдын элинин талабы ушул, бул жакта өз чөнтөгү үчүн гана иштеген фирмалар жоголсун. Жумгалдын жеринен чыккан кен болгондон кийин жумгалдыктарга да бир аз пайда бергидей болсун. Жок дегенде өздөрү талкалаган жолду оңдоп коюшпайт.

Кааракечеде көмүр казган «Бешсары» фирмасынын кожоюну, парламенттин депутаты Камчыбек Жолдошбаев бул кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин трибунасынан билдирип, Баш прокурор Азимбек Бекназаровдон анын уюштуруучуларына кылмыш ишин козгоону өтүнгөн.

Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Үсөнаалы Абдыгазиев билдиргенге караганда, 7- июнда Кааркечедеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, анын алгачкы тобу Каракечеге барган. Үсөнаалы Абдыгазиевдин пикиринде, жумушчуларга эмгек акынын убагында төлөнбөгөнү да доомат артууга негиз берген.

Каракечеде көмүр казган «Бешсары» фирмасы депутат Камчыбек Жолдошбаевге, «Шарбол» фирмасы «Мээрим» фондусуна жана «Акжол» Турдакун Усубалиевге таандык. Андан сырткары мамлекеттин карамагындагы эки ишкана бар.

«Бешсары» фирмасынын жетекчи орун басары Малик Абакиров жумушчуларга экмгек акы убагында берилип келген деп билдирди. Ал эми жол боюнча дооматтарга мындай дейт:

- Жумгалдын жолун бузган биз эле эмес, ал жерде беш фирма бар. Андан сырткары жеке адамдар да көмүр ташып кетет. Анын үстүнө жолду оңдош райондук бийлик менен транспорт минитсрлигинин милдетине кирет.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы тоо-кен тармагы боюнча бөлүмдүн башчысы Азимбек Жолошев өкмөттүк комиссия иштеп жатканын, ал комиссиянын тыянагынан кийин гана өкмөт өз позициясын айтаарын билдирди.

Каракечедеги беш фирма республика калкынын жарымын көмүр менен камсыз кылат. Былтыр бул кенден 250 миң тонна көмүр казылса, анын 44 пайызын «Бешсары» фирмасы казган.

XS
SM
MD
LG