Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

КАЧКЫНДАРДЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен Бириккен Улуттар уюмунун Баш катчысы Кофи Аннандан Кыргызстандын ичкерки жагына көчүрүүнү, жашоого ылайыктуу шарттарды түзүүнү жана качкын макамаын берүүнү өтүнгөн өзбекстандык жарандардын жаңы лагерге көчүрүлгөндөн кийинки жашоо абалы кандай?

Өзбек жарандары жаңы лагерде өздөрүн эркин сезүүдө. Алар алгач орун алган Сузак районундагы Карадарыя айыл өкмөтүнүн Ашуу участкасы Өзбекстанга чектеш болгондуктан ар кандай кокустук болуп кетеби деп кооптонуп, Кыргызстандын ичкери жагына көчүрүү, качкын макамын берүү жана жашоого ылайык шарт түзүү өтүнүчү менен презиленттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге кайрылышкан. Бириккен Улуттар уюмунун Баш катчысы Кофи Аннандан Анжиянадагы окуяларды изилдөөгө эл аралык комиссия түзүүнү жана Өзбекстандагы адам укуктарын коргоону суранышкан.

Конуш жаңырган жайга Улуттар уюмунун качкындар боюнча Башкы комиссариатынын эсебинен 57 чатыр тигилип, ыңгайлуу жашоого шарт түзүлгөн. Качкындарга эки маал чүйгүн тамак берилет. Айрымдары адыр капталындагы чөптөрүндөгү оруу менен убакыт өткөрүүдө.

Бозгундардын бири Махамаджан Кадыров жаңы лагердеги абалга ыраазы:

- Чегарадагы жакын жердеги лагерде бир чатырда элүүдөн адам кысылышып жашасак, азыр чатырлар көбөйүп сегиз кишиге бирден чатыр тийди. Төшөнчүлөр берилип, жол салынды, электр жарыгы түшүрүлдү. Эми күн ысыкта жуунучу жай курулат окшойт. “Тез жардам” унаасы коюлган. Таза суу ашыгы менен, мурдагы эки тонна суунун ордуна автоунаа менен алты тонна суу келет. Бош убакытты чөп чаап, чатыр айланасын тазалап, иретке келтирүү менен өткөрүүдөбүз.

Качкындардын дагы бири Өзбекстандык маалымат каражаттарынын туура эмес маалымат бергенине нааразы:

- Өзбекстанда эмне болуп жаткандыгы жөнүндө туура маалымат келбей жатат. Кабелдик телеканалдар иштебейт, эч кабар жок. Өзбекстанда иштеген “Ташкент-2” жана “Жаштар”, “Спорт” телеканалдарын, же Анжиян өрөөнүнүң үналгысы аркылуу ал жакта эмне болуп жатканын билүү болбойт.

Бул жерде баш пааналап тургандардын дагы бири Табакал Ходжиев Өзбекстанда калган үй-бүлөсү үчүн тынчызданып, мындай пикирин билдирди:

- Өзбекстанда демократия бар деген саясий чүмбөткө жамынган киши элге эркиндик берсин. Эл аралык уюмдардын Өзбекстандагы кырдаалды изилдеп, чындыкты бүткүл дүйнөгө таркатуусун тилер элем.

66 жаштагы Курсан Жороева аттуу качкын байбиче кийим жуучу жайдын жоктугун айтты:

- Абалыбыз дурус, Алла ыраазы болсун. Эми кир жуучу самын берилип, кир жуучу жай курулса жакшы болоор эле.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG