Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:47

Өзбекстандык бозгундарга кошумча шарттар түзүлүүдө


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүнүн Сасык участкасына Өзбекстандын бозгундар үчүн жуунучу бөлмөлөрдү коюу аракеттери көрүлүүдө. Жаңы лагерге Бириккен Улуттар уюмунун качкындар боюнча башкы комиссариатынын эсебинен 57 чатыр тигилди. Ар бир чатырга сегизден адам, андан тышкары ашкана, жатакана, ажаткана, “Тез жардам” унаасы, бозгундарды кайтарган аскерлер үчүн жана качкындардан кабар алганы келген тууган-уруктары менен жолугушуу жайлары ажыратылды. Лагерде жашаган 465 бозгунду эл аралык АКТЕД кайрымдуулук уюму эки маал чүйгүн тамак жана бир маал нан, чай менен камсыз кылууда. Миграция кызматы мындан ары качкындар макамын аныктоо иш чарасын жүргүзөт. Мындай маалымат 8-июнда баш калка издегендер түйүнүнүн деректири Акжол Абдыкеримовдон алынды. Качкындардын өздөрү убактылуу баш калкалаган дарегин Өзбекстандын коомчулугуна билдиргендерге нааразы болушту. Аларды мекенине мажбурлап алып кетүү аракети менен убай-чубай туугандары келип жатышкандыгын, бирок Өзбекстанга барбай тургандыгын билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG