Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

ЕККУ Академиясында Исламга байланыштуу тегерек үстөл жыйыны өттү


ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын кеңсесинде «Ислам эл аралык мамилелерде» деген аталыштагы тегерек үстөл жыйыны өттү. Ага ЕККУнун академиясынын студенттери, бейөкмөт уюмдардын, Кыргызстандын муфтиянын өкүлдөру катышты. Жыйында Ислам динин эл аралык мамилелердеги ролу жана орду, Кыргызстанда ислам динин таралышы жана башка маселелер талкууланып, пикир алышуулар болду. Соңку жылдары Кыргызстанда исламга кайрылып, мечиттерге барган адамдардын саны өзгөчө жаштардын ичинде көбөйүүдө деген пикирлер да айтылды.

«Саясат, дин жана коопсуздук» бейөкмөт уюмунун төрагасы Орозбек Молдалиев буга байланыштуу мындай деди:

- Менин байкашыма караганда, акыркы жылдары биздин өлкөдө мечитке барып, намазга жыгылган жаштардын саны көбөйүүдө. Бул менин пикиримде, жакшы көрүнүш. Анткени, мындай көрүнүш жаштардын ыймандуу болушуна да түрткү берет.

XS
SM
MD
LG