Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Бишкекте инвестициялык форум башталды


БИШКЕК. 8-июнда «Хайат» мейманканасында «Кыргызстан инвесторлорду чакырат» аттуу эки күндүк форум өз ишин баштады. Ага тоо кен, байланыш, энергетика, каржы, айыл чарба жана башка тармактарда иштеген Орусиянын «Русал», Израилдин «Феноман», Латвиянын «Балтик интернешнл банкы», АКШнын, Индиянын, Украинанын компанияларынын өкүлдөрү катышууда. Форумду Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев ачып, өлкөдө 24-марттан кийин жүргүзүлө баштаган салык саясаты, коомдук-саясий абал боюнча маалымат берди. Ал жакында өлкөдө айыл чарба продукциясына болгон нарк салыгы алынып салынаары тууралуу, чакан жана орто ишкердик жүргүзүүгө салык жактан жеңилдиктер көрсөтүлөөрү, киреше салыгы 20 пайыздан 10 пайызга төмөндөтүлүшү жөнүндө айтты. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов болсо, өлкөдөгү акча-кредиттик саясат боюнча маалымат берди. 9-июнда инвестициялык форум өз ишин улантат.

XS
SM
MD
LG