Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Таластык шайлоочулар 1-май райондук сотуна нааразы


БИШКЕК. 8-июнда Талас облусунун №55-Бакайата шайлоо окуругунун 20дан ашуун шайлоочусу Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту Равшан Жээнбековдун доо арызын канаатандырбагандыгына нааразы болушуп, өкмөт үйүнүн жанына пикетке чыгышты. Алар президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге жолугушуп, сот системасына жана Борбордук шайлоо комиссиясына нааразылыктарын билдиришти. Бакиев окуяны териштирерин, бул маселени сот чечерин билдирген.

Анын мындай жообуна нааразы болгон Бакайата районунун тургуну Жибек Абыканова пикирин мындайча билдирди:

- Биз Курманбек Бакиевге жолугуп, соттун акыйкатсыздыгын айтып арыздансак, ал бул ишке алым жетпейт дейт. Кыргызстандын убактылуу президенти болуп туруп, бул маселени чече албаса анда ордун бошотуп берсин. Эгерде эки элдин ынтымагын камсыз кылам десе Жээнбековду, Иманалиевди да округдан алып салып, жаңы шайлоо өткөрсүн. Буга чамасы келбесе анда биз президенттик шайлоону өткөрүүгө каршы болобуз.

№55-Бакайата шайлоо окуругунун шайлоочулары депутаттыкка талапкерлигин койгон Равшан Жээнбековду жана депутат Жусуп Иманалиевдин талапкерлигин округдан алып салып, аталган округда кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG