Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Темир жолчулар ачкачылык акциясын улантууда


БИШКЕК. 8-июнда Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин жанында Кыргыз темир жол башкармалыгынын 20 жумушчусу ачкачылык акциясын улантышты. Алар темир жол башкармалыгына жакында жетекчи болуп дайындалган Кыдыкбек Исаевди Балыкчы шаарындагы “Дан азык” комбинатын банкротко учураткан деген кине коюшуп, аталган башкармалыкка профессионал темир жолчунун дайындалышын, Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Ушул эле күнү Темир жол башкармасынын жетекчилиги маалымат жыйынын өткөрүп , ачкачылык акциясына чыккандардын талабы негизсиз экендигин, аларды акчалуу адамдар тукуруп жатканын билдиришти.

XS
SM
MD
LG