Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Ф. Кулов акыйкат шайлоо боюнча коомдук комитет түздү


БИШКЕК. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун демилгеси менен «Атуулдар акыйкат шайлоо үчүн» коомдук комитети түзүлдү. Бул тууралуу Кулов 8-июнда «АКипресс» маалымат агенттигинде билдирди.

Мындай комитетти түзүүнүн максаты жөнүндө Феликс Кулов буларга токтолду:

- Коомдук комитет түзүлүп жатат. Мен муну өлкөдө акыйкат шайлоо өтүшү үчүн жана Курманбек Бакиевдин жеңишин кийин эч ким күмөн санай албашы үчүн жасап жатамын.

Анын айтымында, коомдук комитетти түзүүнүн башкы максаты – президенттик шайлоо учурунда административдик ресурстун пайдаланылышына жол бербөө, шайлоонун ачык-айкын, адилет өтүшүнө байкоо жүргүзүү. Кулов белгилегендей, комитеттин курамына бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын, парламенттин өкүлдөрү кирүүдө. «Атуулдар акыйкат шайлоо үчүн» комитетин Феликс Кулов жетектейт.

XS
SM
MD
LG