Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Баткен облусунун бюджетинен «Мээрим» фондуна миллиондогон сом которулганы аныкталды


БИШКЕК. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди суракка алуу иштерине көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн кат өлкөнүн Башкы прокуратурасы тарабынан Орусиянын тартип коргоо органдарына жолдонду. Бул тууралуу 8-июнда өлкөнүн Баш прокурору Азимбек Бекназаров прокуратуранын коллегиясында билдирди. Жыйында айтылгандай, прокуратура органдары мыйзамсыз иштерди иликтөө боюнча 100 күндүк программасынын алкагындагы иштерин улантылууда. Башкы прокуратура тарабынан Майрам Акаева жетектеп келген «Мээрим» фондуна ар бир облуста мыйзамсыз өткөрүлүп берилген объектилердин саны арбын экендиги, айрым ишканалар фондко жыл сайын миллиндогон сом каражат бөлүп тургандыгы аныкталууда. Учурда Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаевге жана облустун мурдагы губернатор орун басары Юруслан Тойчубековго каршы кылмыш иштери ачылып, алар суракка алынууда. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, облустун бюджетинен 2002-жылы «Мээрим» фондуна 2 млн. 237 миң сом берилген. Ал эми Кадамжай райондук бюджеттен бир топ жылдар бою «Мээрим» фондуна жылына 1,5 млн. Сомдун тегерегиндеги акча берилип турган. Буга байланыштуу Кадамжай районунун мурдагы акимдери да суракка алынууда.

XS
SM
MD
LG