Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Ооганстанда барымтага алынган италиялык аял аман-эсен экени маалымдалды


Ооганстанда иштеп жаткан Care International деген гуманитардык уюмдун 32 жаштагы кызматкери Клементина 16-май күнү машинеге түшүп, үйүнө бараткан жеринен уурдалып кеткен. Care International жесир калган аялдардын үй-бүлөлөрүнө жардам берет. Ооган жетекчилиги Клементина Кантонини уурдап кеткен адамдар кадимки эле кылмышкерлер деп божомолдойт. Анын аралыгында, Ооганстандын Пактия провинциясында жайгашкан америкалык аскердик база минометтор менен аткыланып, андан бир америкалык аскер курман болуп, 8 аскер жаракат алгандыгы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG