Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Ирактын Бакуба шаарында бомба жарылып, андан эки киши курман болду


Бүгүн Ирактын Бакуба шаарында бензин куйган жерде турган машинелердин биринде бомба жарылып, андан эки киши курман болду. Жардырууда аман калган адамдардын бири "Ройтер" кабар агенттигине буларды айтып берди:

- Машинага май куйуу үчүн кезекте турган элек, бир маалда арт жагыбызда бирдеме жарылды. Балам экөөбүз кызыл ала кан болуп, араң чыктык. Жардыруу болгон жерде АКШнын аскерлери же машинелери болгон деле эмес. Кол салуудан бейкүнөө эле карапайым адамдар гана жабыркашты.

Кечээ Иракта Хавижа деген жерде миналанган үч машине жардырылып, андан 19 киши курман болуп, 20 чакты киши жаркат алды. Анын аралыгында өлкөнүн түндүгүндө америкалык аскерлер куралдуу согушкерлерди жок кылуу максаты менен аскердик операциясын улантып жатышат.

XS
SM
MD
LG