Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

ОРУСИЯДА АНГЛИС ТИЛИНДЕГИ ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ УЮШУЛТУРУЛДУ


Маскөөдө шейшембиде англис тилинде сыналгы каналы уюшулганына байланыштуу маалымат таркатуу каадасы болду. Ал сыналгы каналы "Russia today" ("Орусия бүгүн» же кыскачасы РТ-ТВ) деп аталат. Аны "РИА-Новости" мамлекеттик маалымат агенттиги уюштурган. Телекөрсөтүүнүн башкы редакторлугуна мурда «Россия» сыналгысында иштеп келген Маргарита Симонян дайындалды. Канал ушул жылдын этегинде өз берүүлөрүн обого чыгара баштамакчы.

Жаңы телеканалдын жетекчиси Маргарита Симоняндын айтканына караганда, сыналгы батышка «орусиялык көз карашты чагылдырмакчы». Канал англис тилинде Орусиядагы окуяларды кабарлап турмакчы жана ал күнү-түнү иштейт. Канал өлкөнү негизинен жакшы жагынан чагылдырат.

Маскөө мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканы Ясен Засурскийдин пикири боюнча бул эң кызык тажрыйба болот:

- Бул өтө маанилүү тажрыйба болот. Эмне дегенде эң ири каналдар, демейде, жер жүзүндө акыркы кабарларды, анын катарында өз өлкөсүндө болуп аткандарды чагылдырат. Айтылуу СиЭнЭн каналы бар. Ал бүгүнкү күндө жер жүзүндө болуп аткан жаңылыктарды үзбөй көргөзүп турушу менен күчтүү. Эл аралык жаңылыктарды дайыма көрүп турууга кайсы бир чөйрө муктаж. Аны эске албай койгондо болбойт. Бул абдан маанилүү.

Талдоочулардын айтымында, мамлекет бул канал үчүн жылына 30 миллион доллар коротот. Күнү-түнү өчпөй көргөзүүчү ири каналды уюштуруу мамлекеттин колунан келчү иш экенин Орусиянын басма сөз жана электрондук каражаттар федералдык агенттигинин жетекчиси Михаил Сеславинский билдирди.

Ошол эле учурда андай каражат катардагы атуулдар чөнтөгүнөн чогулаарын эч ким эскербейт.

Жаңы телеканалдын жетекчиси, 26 жаштагы кремлдик журналист Маргарита Симонян буларга токтолду:

- Орусияда ар кыл көз караштагы көптөгөн коомдук уюм, партиялар, карапайым адамдар бар. Алар өз өлкөсүнүн атуулдары. Алар коомдук ойду калыпка салат. Биз аларга да кезмет берип турабыз. Биз үчүн бул иш оор жана татал болот. Орусияда буга дейре чет элдерге көргөзүү болгон эмес. Ошондуктан биз буга дейре иштеп келаткан тектеш чет өлкөлүк сыналгылардан тажрыйба алабыз. Биз алардын өрнөгүн орусиялык шарттарга ийкемдештиребиз.

Кошумчалай кетчү жери, орусиялык журналистикада чет өлкөлөргө ал жактагы элдер тилинде кабар таркатуу советтик тушта эле бар болуучу. Ал кездеги АПН агенттиги буга күбө.

XS
SM
MD
LG