Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

ПХЕНЬЯН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРГӨ ДАЯР


Пхеньян өзүнүн атомдук программасына байланыштуу алты тараптуу сүйлөшүүлөргө кайра кошулганга макул болду. Муну шейшемби күнү АКШнын мамлекеттик департаменти ырастады. Сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы мындан бир жыл мурда болгон, ошондон бери Пхеньян ар кайсыга шылтоолоп талкуу-талашка катышуудан баш тартып келатат.

Вашингтон угузган бул кабарга Япония менен Түштүк Корея кубанып деле кеткен жок, тескерисинче, калбаат мүнөздө калышты. Токио өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлү ансыз деле Түндүк Кореянын жакын арада көп тараптуу сүйлөшүүлөр үстөлүнө кайтып келишин күтүп жатышканын, болгону бул качан болору белгисиз экенин белгиледи. Токио өкмөтү Пхеньян эч кандай шарт койбостон беш өлкөнүн талкуусуна кошула тургандыгына үмүттөнөт, деп айтты ал.

Түштүк Корея азырынча а-бу деп айтканга эртелик кыларын билдирди. Саналган төрт өлкөдөн тышкары Россия жана Кытай болуп, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алар баары соңку бир нече жылдан бери Пхеньянды ядролук курал жасоо планынан айнытканга аракет кылып келатышат. Сүйлөшүүлөр былтыр туюкка кептелип,ошондон бери алты өлкө чогуу-чаран отуруп, маселени талкуулаша элек.

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон Маккормак ырастагандай, дүйшөмбү күнү Нью-Йоркто вашингтондук жана пхеньяндык дипломаттар жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн келечегине байланыштуу азын-оолак аңгемелешип көрүшкөн. Жолугушуу түндүккореялыктардын демилгеси менен болгонун ырастап, мамлекеттик департаменттин өкүлү муну эки тараптын сүйлөшүүлөрү катары түшүнүүгө болбойт деп эскертти. Пикирлешүү маалында маселенин коопко салган ар түрдүү өңүттөрү сөз болду. Түндүккореялык өкүлдөр Пхеньян алты тараптуу процесске кайра кошуларын билдиришти, бирок мунун так датасын айтышкан жок, деп ырастады Маккормак.

Вашингтондун позициясына токтолуп, Маккормак президент да, мамлекеттик катчы да бул проблеманы дипломатиялык жол менен чечүүгө кызыкдар экенин бышактады. Мунун эң мыкты жолу деп ал алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү атады.

Таиланддагы сапары маалында Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд да Кошмо Штаттары Пхеньяндын проблемасын күчкө салып чечүүнү жактабай тургандыгын, мындай аңырттарды иштин илгерилешине кызыкпагандар гана таратып жатканын айткан эле.

Ошентсе да бейтарап кээ бир эксперттер баарыдан мурда акыркы мезгилде Вашингтондон чыккан апаздар Пхеньянды чындап чочулата баштады дешет. Америкалык айрым саясий чөйрөлөр түндүккореялыктардын чыргоолугуна чыдамы түгөнүп баратканын сездирип, маселени ООНдун коопсуздук кеңешине өткөрүп берүү үчүн тийиштүү өлкөлөр менен консультацияларды баштоо зарылдыгын айтышкан эле.

Пхеньян ушундан улам өзүнүн ООНдогу өкүлдөрү аркылуу америкалыктарды жолугушууга чакырганга аргасыз болду дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG