Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Эгемендик алгандан бери кыргызстандык жаш шахматчылар Азия жана дүйнөлүк биринчиликтерге катышып таанылган. 6-июнда Өзбекстандын Наманган шаарында шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында Азия биринчилиги жыйынтыкталды. Бул акыл таймашында кыргызстандык өспүрүм Семетей Төлөгөн тегин баш байгенин ээси болду.

16 жашка чейинки шахматчылардын акыл таймашына Индия, Иран, Вьетнам, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышты. Каражат маселеси чечилбей Кыргызстандан Азамат Козубай уулу менен Семетей Төлөгөн тегин Наманганга барып келишти. Азия чемпиондугу үчүн 9 тур беттешүүнүн жыйынтыгында 6 жарым упай топтоого жетишкен кыргызстандык Семетей Төлөгөн тегин биринчи орунду ээлеп, Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Экинчи жана үчүнчү орундарды өзбекстандыктар Евгений Пак менен Андрей Квон утуп алышты. Былтыркы Азия чемпиону вьетнамдык Ли бул жолу бешинчи орунга жылып калды.

Азия чемпиону болгон кыргызстандык Семетей Төлөгөн тегин 2001- жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында коло байгелүү болгон. Өлкөдө жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн жаштар арасында Азия чемпиону Эрнест Инаркиев эки жыл мурда Орусияга кетип калган.

Уулу Семетей Москвадагы Анатолий Карпов атындагы Эл аралык шахмат мекебине кабыл алынганын атасы Төлөгөн Исаев айтты. Азия чемпиону болгон Семетейди Орусиянын командасына чакырып, шарт түзүп беребиз деп жатышканын, бирок Кыргыз намысы үчүн уулун ал жакка жибербей жатканын кошумчалады:

- Менин уулум Семетей 2001- жылы Азия чемпионатында жеңүүчү болгондон кийин Орусия жана Казакстан өлкөлөрү бир нече ирет чакырышкан. Москвадан же Алматыдан үй беребиз, шартын түзүп беребиз дешкен. Биз андай убадаларга көңүл бурбай, Кыргызстандын ар- намысын жогору койдук. Эми аларда түзүлгөн шарт биз үчүн жомоктогудай десем да ашыкча болбос. Кыргыз элимдин алдында жүзубүз жарык жүргөнүбүз артык. Айла кеткенде дүйнө, Азия биринчиликтерине уулумду катыштыруу үчүн Бишкектеги үйүмдү, машинамды жана чакан дүкөнүбүздү сатууга туура келди. Кыргыз спортуна күйгөн, жаштарга көңүл бурган жетекчиге жана демөөрчүгө зар болдук. Кыргызстанда спорт тармагында саясат жок деп эсептейм. Ошентсе да кыргыз туусун эл аралык аренада жогору көтөрүп келдик.

Быйылкы өспүрүмдөр арасында шахматтан дүйнөлүк биринчилик июлда - Францияда болоорун, жаш шахматчылар даярдык көрүп жатышканын Бишкектеги 70- мектептин 8- классынын окуучусу, быйылкы Азия чемпиону Семетей Төлөгөн тегин айтып, мындай деди:

- Быйыл даярдык ойдогудай деп айтуу кыйын.Былтыр каражат табылбай Сингапурдагы Азия биринчилигине барбай калдык. Эгерде акча табылса, быйыл Франциядагы дүйнө биринчилигине барабыз деп ойлойм. Шахмат боюнча дүйнө чемпиону болгум келет.

Ал эми 2000-жылы Азия биринчилигинин күмүш байгесин уткан Азамат Козубай уулу бул жолу 10-орунду ээледи. Анын атасы жана устаты Козубай Шергозиев Азаматтын жеңишке жетпей калуусунун себептерин айтып, мындай деди:

- Өлкөдө келечектүү, таланттуу жаштар арбын. Биз кудайчы болуп бүттүк. Кызым Жаңыл Азия чемпионаттарында бир нече ирет байгелүү орунга ээ болсо да Кыргыз спорт комитети стипендия бербей жүрөт. Кыргызстандын шахматчылары ата- энелердин колдоосу менен гана кармалып турат.

Сүрөттө: Семетей Төлөгөн тегин
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG