Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

БАТКЕНДЕ КАН ТӨГҮЛҮП АТКАНДА БИШКЕКТЕ АКЧА ЖАСАГАНДАР, ЫҢКЫЛАПТЫН ЖАҢЫРЫГЫ


Баткендеги урушта Кыргызстан чырактай балдарынан ажырап, кайсалап турган чагында айрым аткаминерлер мамлекеттин казынасына кол салып ийишкендери ушу тапта ачыкка чыгууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын себеп-жөнү иликтенүүдө. Президент шайлоо, жаңыланчу Конституция, элдик ыңкылаптын чоо-жайы сындуу темалар кыргыз басылмаларында арбын чагылдырылууда.

6-июнда өткөн кыргыз-тажик чекарасындагы жаңжалдын себебин териштиргенге эки өлкөнүн биргелешкен комиссиясы түзүлгөн, деп маалымдайт жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде Э.Момунов. Автордун ырасташынча, «бирок мындай комиссия, делегациялар бир нече ирет түзүлүп, далай ирет дасторкон үстүндө «мындан ары чатакташпайбыз» деп бата кылышкан».

«Баткенде кан төгүлүп жатканда, Бишкекте чиновниктер акча жасаганын» ушул эле автор экинчи бир макаласында козгогон. «Ошол учурда моджахеддердин талаа командири барымтадагыларды бошотууга 200 миң доллар сурагандыгын баарыбыз билебиз. Бирок сакалчандарга болгону 50 миң доллар берилгендиги ачыкка чыгууда. Калган акча кайда жумшалган?», деп суроо коет Улуттук банктын кассасынан алынган 420 миң доллардын дайыны А.Акаевдин колуна тапшырылгандан кийин белгисиз калганына токтолгон автор.

Жапан өкмөтү 4 жаранын бошотууга 3 миллион доллар берген. Ал акча да дайынсыз.

Азыркы бийлик А.Акаевди эле жамандап жатып алды. Коррупциядан тазаланууну булар өздөрүнөн баштаса дурус болмок, деп жазат жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде Мелис Теңирбергенов. Автордун айтымында, азыркы бийлик башында тургандардын канча оокаты бар, мамлекеттик мүлктөн менчиктештирип алган дүйнөсү барбы деген маселе азырынча тактала элек.

Апта соңундагы «Агым» гезитинде Баратбай Аракеевдин Чолпонатадагы № 54- жылкы заводунун азыркы учурдагы адам ыйларлык абалын баяндаган макаласы жарыяланды. 1997-жылдан завод президенттин мамлекеттик резиденциясынын карамагына өтүп, анын байлыгы сатылып, 100 гектирдей жерди ээлеген алма багын заводдун деректири өзүнө менчиктештирип алган.

«Агымда» дагы кандай материалдар жарыяланганына жооптуу катчы Гүласыйна Каленова мындайча токтолду:

- Сессия сүртүмдөрү, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рүстөмбеков, Жогорку Кеңеш депутаты Муратбек Мукашевдин маектери, Илимдер академиясы керекпи же керек эмеспи? Ушул суроого белгилүү окумуштуулардын жооптору жарыяланды.

Президент шайлоо алдында мамлекет башчылыкка талапкерлердин кандайлыгы, саясатчылардын кимдиги тууралуу божомол-жоромолдор көбөйөт. Жума күнкү «Кыргыз туусу» гезитинде президенттикке талапкерлердин пикирине орун берилген.

Доктор К.Апас президент болом деген адам 100 миң сом күрөөгө коюп, 50 миң кол топтоштун кажаты жок деп эсептейт. Элине, мамлекетине зыян келтирген «А.Акаевдин ишин сотко өткөрүп, камоо керек. Ошондо гана ыңкылапка эл ишенет, кийинки президенттерге ал сабак болот», дейт К.Апас.

Конституциялык реформага шашылыштын кереги жок болчу. Кыргызстан гендердик жактан феодалдык деңгээлден өйдө көтөрүлө элек. Мындай пикирин Токтайым Үмөталиева билдирген.

Саясатчылар экиге бөлүнөт. Бири кызыл кекиртегине күч келтирип сүйлөгөндөн көрүнсө, экинчиси иши менен белгилүү болот, деп белгилейт жума күнкү «Аалам» гезити. А.Акаев кызыл тилди сайратуу жагынан алдына киши салчу эмес. Анын таттуу сөздөрүн сагынгандар али арабызда көп көрүнөт.

Жума күнкү «МСН» гезитинде вице-премьер-министр милдетин аткаруучу А.Мадумаровдун «Сүйлөгөнгө убакыт жок, иш шаштырууда» деген маеги, Л.Жолмухамедованын «Падышаны көтөргөндөр жанындагылары» деген макаласы жарыяланды.
XS
SM
MD
LG