Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:00

Жогорку Кеңеш эсептөө палатасынын төрагасын шайлады


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш бейшемби күнкү отурумунда президенттин алдындагы эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу Мурат Саралиновду 54 добуш менен шайлады. Шайлоо бюллетень салуу жолу менен өттү. Добуш берүүнүн алдында депутаттар Саралиновдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолорду беришти. Мурат Саралинов буга чейин ички иштер, каржы министрлигинде, Ысыката райондук мамлекеттик администрациясында иштеген. Мурда эсептөө палатасынын төрагасы болуп Жогорку Кеңештин депутаты Дамир Өскөнбаев иштеп келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG