Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Парламенттер аралык ассамблеянын өкүлүнө макулдук берилген жок


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттары келерки аптанын алгачкы төрт күнүндө комитеттерде жана округдарда иштешет. Бул күндөрдүн ордун депутаттар парламенттик жайкы эс алууга чыгардын алдында толтурушат. Мындай чечим 9-июндагы отурумда кабыл алынды. Буга ишемби күнү экономикалык форумга жана парламенттер аралык ассамблея бюросунун отурумуна катышуу үчүн 7 депутаттын Санкт-Петербургга кетип жатышы негиз берди. Ушул эле отурумда депутаттар Жогорку Кеңештин Парламенттер аралык ассамблеядагы өкүлү, мурдагы депутат Павел Морозовго ишин улантууга макулдук берүү демилгесин колдошкон жок. Бул маселе адегенде комитетте талкууланмай болду.

XS
SM
MD
LG