Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

Назаралиев Акаевден 50 миллион доллар талап кылбайт


БИШКЕК. Дарыгер-нарколог Жеңишбек Назаралиев экс-президент Аскар Акаевге каршы койгон доосун кайра аларын жарыялады. Билдирүүсүндө Назаралиев мындай кадамга ал Акаевди адам катары аяганы үчүн барганын белгилеп, ага мекенине кайтып келип, мамлекетке келтирген чыгымды кайтарып, элден кечирим суроону сунуштаган. Назаралиев Акаевдин «Аргументы и факты» гезитине 11-майда берген интервьюсундагы сөзү үчүн 50 миллион доллар талап кыларын жарыялаган. Аскар Акаев март ыңкылабынан бери үй-бүлөсү менен Москвада жашап турат. Ал эми кызы Бермет Акаева депутаттык мандатына байланыштуу эки жумадан бери соттук териштирүүдө жүрөт. Бул тууралуу Акаева 9-июнда «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. БШК мындан эки апта мурда аны депутаттык мандатын алуу тууралуу чечим чыгарган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG