Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Кубанычбек Апас президенттин милдетин аткаруучуну кызматтан кетирүүнү талап кылууда


БИШКЕК. Президенттике талапкер Кубанычбек Апас 9-июнда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиевди жана БШК жетекчиси Туйгунаалы Абдраимовдун кызматтан кетишин талап кылды. Ошондой эле ал кыргыз элин мындай талапты колдоого чакырды. Кубанычбек Апас Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттике талапкер катары катталуу үчүн 50 миң адамдын колун топтоп, 100 миң сом өлчөмүндө акча төлөөнү талап кылуусун анын шайлоого талапкер катары катталуусуна бут тосуу аракети деп баалады. Ал эми ушул эле күнү БШКнын маалымат кызматы Кубанычбек Апастын жогорудагыдай айыптоолору негизсиз экендигин, Шайлоо кодексинде 50 миң адамдын колун топтоп, 100 миң сом акча төлөгөн атуул гана президенттикке талапкер болуп каттала ала тургандыгын эскертишти.

XS
SM
MD
LG