Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:22

Безбородова мандат үчүн акырына чейин күрөшөт


БИШКЕК. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Ольга Безбородова 9-июнда билдирди. Анын айтымында, адвокаттары 1-май райондук сотунун чечими боюнча Жогорку Сотко аппеляциялык арыз бергени жатат. Сот 8-июнда экс-талапкер Кабай Карабековдун арызын карап, аны канагаттандырган. Карабеков өзү талапкер катары катышкан №11-шайлоо округундагы талашты чечүүгө Борбордук шайлоо комиссиясы аракет жасаган эмес деген негиздеме менен сотко кайрылган. Бул округдагы соттук териштирүүлөр парламенттик шайлоодон бери уланып келатат. Карабеков өз атаандашын бийликтин күчү менен депутат болду деп эсептейт. Безбородова акыркы соттук териштирүүлөрдү атайын жасалган кысым катары баалоодо. Ал буга чейин үй-бүлөнүн гезити саналган «Вечерний Бишкектин» башкы редактору, «Алга, Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү болуп келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG