Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Конституциялык кеңешме ишин жыйынтыктады


БИШКЕК. 9-июнда Конституциялык кеңешменин соңку жыйыны өткөрүлүп, буга чейин жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан долбоор толугу менен кабыл алынды. Бул күнкү талкууда Жогорку Кеңештин курамы канча депутаттан туруш керек жана Баш мыйзамга кандай жол менен өзгөртүү киргизүү зарыл деген маселелер талаш-тартышты жаратты. Айрым саясатчылар Баш мыйзамга референдум аркылуу өзгөртүү киргизүүнү сунушташса, айрымдары бул маселени парламент аркылуу ишке ашыруу демилгесин айтышып орток пикирге келе алышкан жок. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору адегенде юристтер тарабынан текшерилип, тилчилер тарабынан орус тилинен кыргыз тилине которулуп андан соң элдин талкуусуна сунуштала турган болду.

XS
SM
MD
LG