Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Боливия парламенти президенттин кызматтан кетишин талкуулоого киришти


Боливиянын парламенти бүгүн шашылыш жыйынга чогулуп, президент Карлос Месанын кызматтан чегинүү маселесин талкуулай баштады. Меса президенттиктен кете турганын дүйшөмбү күнү жарыялаган жана парламент эми же анын ордуна жаңы президент тандап, же кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүнүү чечиш керек. Акыркы бир нече апта бою өлкөнүн борбор шаары Ла Паста демонстрациялар өтүүдө, жергиликтүү калк - өлкөнүн газ ишканаларын мамлекеттин менчигине өткөрүүнү талап кылууда, анткени аны жалаң актар башкарып калган.

XS
SM
MD
LG