Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:01

Орусиянын коргоо министри Анжиян окуяларына эл аралык иликтөө салууга каршы чыкты


Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Брюсселдеги жыйынга жөнөөр алдында бүгүн Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кыргын тууралуу сүйлөп, анын себептерин Өзбекстандын өзүнүн бийлиги жана прокурорлору тергөөгө тийиш деп билдирди. Анын айтымында, окуяга эл аралык иликтөө салууга Маскөө каршы. Европа парламентинин депутаттары болсо, бүгүн эл аралык уюмдар менен АКШ жетекчилигине кайрылып, андай эл аралык иликтөө башталмайынча, Өзбекстанга жардам көрсөтүүнү токтотууну суранды. Анжиянда болгон демонстрацияга 13-май күнү өкмөт аскерлери ок аткан, расмий маалыматтар боюнча 173 адам курман болгон, укук коргоочулардын айтымында болсо өлгөндөрдүн саны миңден ашык.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG