Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

ИРАН: АЯЛДАР ЭРКЕКТЕР МЕНЕН ЧОГУУ СТАДИОНДО ФУТБОЛ КӨРҮШТҮ


Иранда 1979-жылы болгон Ислам ынкылабынан тарта аялдардын коомдук жайларда эркектер менен чогуу отуруусуна тыйуу салынган. Адеп-ахлак полициясы аялдардын этеги таманына чейин жеткен кара көйнөк кийип, бетин чүмкөп жүрүүсүнө кылдат көз салып турат. Көчөдө кол кармашып жүргөн аял-эркек болсо, токтоосуз камакка алынат. Бирок кийинки мезгилде бийликтер катаал тартипти акырындап жумшартууга мажбур болушууда. Буга шаршемби күнү Тегеранда өткөн футболдук таймаш күбө.

Бул Иран Ислам Республикасынын 26 жылдык тарыхындагы биринчи окуя болду. Шаршемби күнү Тегерандын “Азоди-Эркиндик” стадионунда өткөн Иран менен Бахрейндин улуттук командаларынын футболдук таймашын 100дөй ирандык аял 80 миң эркектин курчоосунда отуруп көрүштү. Ирандык оюнчулар топ киргизгенде эркек ышкыбоздор менен чогуу ураалап кыйкырышып, ордуларынан атып турушту.

Ирандын ислам жетекчилиги аял кишилердин эркектердин спорттук мелдештерин көрүүсү исламга сыйбаган жосун деп, эркектер катышкан оюн-таймаштарды стадиондо же залда отуруп көрүүсүнө тыйуу салган.

“Азоди” стадионунда өткөн футболдук таймашты көрүүгө ынтызар аялдардын арасында укук коргоочу Мабуба Аббас Гулизаде да болду. Бирок күзөтчүлөр ышкыбоз аялдарды стадионго киргизбей, дарбазадан артка сүрүп жатканда, Мабуба айым басындыда калып бутун сындырып алды. Анын кебинче:

- Аялдар бир күнү өз укугуна ээ болот деп ойлойм. Бутумдун сынганы балким мыйзамды өзгөртүүгө өбөлгө болор же аялдар укугуна коомчулуктун көңүлүн бурар. Зобундук жаман. Акы төлөө да жаман. Бирок адамдар өз укугуна ээ бардык эле өлкөлөрдө адеп башкача болгон деп ойлойм.

Паразто Докухаки шаршемби күнкү футболдук мелдешти көрүп табасы канган жүз ашуун аялдын бири. Ал кесиби боюнча журналист. Паразтонун “Руз” гезитине айтышынча, ал “футбол мага кандай таасир этет экен деп”, оюнду көрүүгө узактан бери куштарланып жүргөн. Ошон үчүн, өзүнө окшогон жүздөй аял менен чогуу “Азоди” стадионунуна кирчү дарбазаны тосуп: “Эркиндик биздин укугубуз, Иран биздин мекенибиз” жана “Эркиндикке чейин канча кадам бар?” деп кыйкырып, ырдашып жатып, акыр аягында, оюнду көрүштү. Оюн бүткөндөн кийин көчөдө эркектер менен чогуу бийлеп жүрүштү.

Таймаш Бахрейндик футболчулардын дарбазасына бир топ уруп киргизген ирандык оюнчулардын жеңиши менен аяктады. Эми ирандык футболчулар келерки жылы Германияда болчу дүйнөлүк чемпионатка катышышат.

Тегерандык Реза деген жаш жигит аялдар футболдук оюндарды көрүүгө койо берилиши керек деп санайт. Анын айтымында, аялдар да стадиондо отуруп футбол көрүшсө, ышыкбоздор өздөрүн бир кыйла адептүү кармашмак:

-Аялдар футболду эркектер сыяктуу эле көрүүгө укуктуу. Бул чындап эле жакшы болмок. Акыркы учурда стадиондогу атмосфера көп жакшы эмес. Эркектер уят сөздөрдү айтышат. Ошондуктан, аялдар күйөрмандар арасында болушса, эркектер жаман сөздөрдү ашата айтышмак эмес.

XS
SM
MD
LG