Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ ДОЛБООРУ ЭЛДИН ТАЛКУУСУНА КОЮЛАТ


Азиза Турдуева, Бишкек Конституциялык кеңешме тарабынан жактырылган Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-июнда толугу менен кеңешменин отурумунда жактырылды. Долбоорду юристтер тобу дагы бир ирет карап, лингвистикалык топ тарабынан кыргыз тилине которулгандан киийн элдин талкуусуна коюлат деген чечим кабыл алынды.

Баш мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган долбоорго ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кыскартылып, өкмөт башчысы менен парламенттин ыйгарым укуктары мурдагыга салыштырмалуу кеңейтилген. Долбоордо каралгандай, Кыргызстанда президент бир гана мөөнөткө 5 жылга шайлана алат. Жогорку Кеңештин 70 депутаты пропорционалдык, ал эми 35и мажоритардык системанын негизинде шайланат.

Кеңешменин катышуучлары бул күнү долбоордун Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары алар шайланган мөөнөткө чейин сакталат, 2006-жылы параламенке кошумча 30 депутат пропорционалдык шайлоо системасынын негизинде шайланат деген сыяктуу нормалар каралган соңку бөлүгүн жалпысынан жактырышты.

Кеңешменин мүчөлөрү Конституциянын долбоору элдин талкуусунан кийин парламент тарабынанбы же элдик референдум аркылуу кабыл алынышы керекпи деген маселе боюнча карама-каршы пикирлерди айтышты.

Айрымдар Баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолор парламент тарабынан кабыл алынууга тийиш дешсе, кээ бирлери элдик референдум аркылуу гана Конституцияга өзгөртүү киргизилиши абзел деген пикирлерин ортого салышты.

Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмаз Атамбаев Конституциянын долбоорун парламент кабыл алышы керек деген оюн айтты:

- Мурдагы референдумдар көрсөткөндөй, референдумдардын жыйынтыгына ишенбеш керек. Анткени, ал бурмалоолор аркылуу жасалат. Ошондуктан, долбоор парламентте ачык-айкын кабыл алынууга тийиш.

Ал эми «Кылымш шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова тескерисинче, Баш мыйзамга өзгөртүүлөр референдум аркылуу кабыл алынышы керек деген көз карашын билдирди:

- Эмне үчүн биз элге ишенбешибиз керек? Эмне үчүн Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолор парламент аркылуу кабыл алынышы керек? Анын үстүнө азыркы Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары кандай жолдор менен шайлангандыгын билебиз да. Мен Баш мыйзамдын долбоору элдин чечими менен кабыл алынышы керек деп эсептйм.

Ал эми «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев кийинки жылы Жогорку Кеңеш таратылышы керек, парламент толугу менен пропорционалдык системанын негизинде шайланууга тийиш деген сунушун киргизди. Бирок мындай сунуш көпчүлүк тарабынан колдоого алынган жок.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамдын жаңы долбоору 25-июнга чейин элдин талкуусунан өтүшү керек деген сунушун айтты:

- Азыр сунушталган долбоордо каралган нормалар 8 жылдан бери талкууланып келе жатат. Ошондуктан, аны тез арада элдин талкуусунан өткөрсөк болот. Анан Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ортосунда түзүлгөн Меморандумда да Конституциянын долбоору парламент тарабынан кабыл алынууга тийиш деп айтылган. Ошондуктан, эгерде президенттик шайлоо алдында долбоор талкууланып бүтпөсө, анда бул Меморандумдун иштеши күмөн болуп калат.

Ал эми саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, ошондой эле өкмөт мүчөлөрү элдин талкуусуна эки апта жетиштүү болбой тургандыгын белгилешип, Өмүрбек Текебаевдин сунушун четке кагышты.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарымбаев болсо, Конституциянын долбоорун сөзсүз эле президенттик шайлоого чейин талкуулоону аяктайлы деген көз караштарга каршы экендигин мындайча билдирди:

- Мен Конституциянын жаңы долбоору тез арада эле талкууланып, Жогорку Кеңешке же, референдумга коюлууга тийиш деген пикирлерге кошулбайм. Анткени, долбоорду талкуулоо үчүн бери дегенде эле эки ай керек. Анткени, эл да азыр мурдагыдай эмес. Мен ишенем, бул талкууга эл өтө жигердүү катышат. Көптөгөн сунуш, пикирлер айтылат. Азыр эми тез арада элдин талкуусуна коюп, андан соң, парламентке, же референдумга койо калалы дегендер президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин долбоорго өзүнүн сунуштарын айта албай турган укуктук абалынан пайдаланып алалы деген гана максатты көздөп атышат да. А эмне үчүн президент долбоордун талкуусуна катыша албайт? Анын эмнеси туура эмес? Менин пикиримде, президент да өлкөнүн Баш мыйзамын талкуулоого катышып, өзүнүн сунуштарын айтса болот. Азыр президент болгондон кийин долбоор өзгөрүп кетет деп коркууга негиз жок.

Конституциялык кеңешме кайрадан болжол менен сентябрь айында Баш мыйзамга эл тарабынан айтылган сунуштарды талкуулоо үчүн чогулат. Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик референдум аркылуу кабыл алынабы же, Жогорку Кеңеште кабыл алынабы – бул маселе да ошондо чечиле турган болду.

XS
SM
MD
LG