Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

ДЕПУТАТ Ж.СУРАБАЛДИЕВ КИШИ КОЛДУУ БОЛДУ


Бүгүн чак түштө (саат 12:10до) Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди Бишкектин Пушкин көчөсүндө белгисиз бирөөлөр атып кетти. Депутатка эки ок тийген. Бирөөсү - башына, экинчиси - жүрөгүнө тийген. Депутат дароо жан берген. Депутаттын алты ок тийип оор жаракат алган айдоочусу ооруканага жеткирилди.

Кыргызстандын Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын милициясынын башчысы Өмүрбек Суваналиев бул окуяны буйрутма киши өлтүрүү катары баалап, тергөө иштери башталганын билдирди. Кылмыш иши болгон жерде Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Токон Мамытов жана Ички иштер министринин биринчи орун басары Шеркозу Мырзакаримов баш болгон тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү жүрөт. Окуяга күбө болгондор мерседес маркасындагы ак түстөгү автоунаадан Жыргалбек Сурабалдиевге ок атылганын кабарлашууда.

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши саат 15:00те бул окуяга байланыштуу чукул жыйынын баштады. Расмий бийлик бул окуяга карата кылдат тергөө иши жүргүзүлөөрүн билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG