Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

КАЧКЫНДАР ӨЗБЕК БИЙЛИГИНЕ НААРАЗЫ


Кыргыз-өзбек чегарасынан Жалалабат облусунун Сузак районундагы Сасык участкасына көчүрүлүп келген анжияндык качкындар абалынан кабар албаган өзбек бийлигин сындашууда. Кабарчыбыз жүргүзгөн сурамжылоодо алар президент Ислам Каримов шайлоочулардын үмүтүн актабаганын, Өзбекстанда адам укугу сакталбай, саясат туура эмес жүргүзүлүп, жашоо начар экендигин жана качкын аялдар менен балдарга «террорист» деп жарлык тагуу жөндүү эмес экендигин белгилешти.

Облустун аймагында убактылуу турган Анжияндык бозгундар өзбек бийлиги жүргүзгөн саясатка нааразы болууда.

Абдысалам Каримов өзбекстандык 24 миллион жаранды «балам» деп санаган президент Каримовдун саясаты менен макул эмес:

- Президент Өзбекстандагы 24 миллион адамды «менин балдарым» дейт. “Атабыз” бизге билбестен уу ичирүүдө. Бирок, атажан сиз туура эмес иш жасап жатасыз. Ичирген заарыңыз, “тагым” деп кылган ишиңиз үчүн кийин өкүнүп калбашы үчүн «атабызды» жакшылыкка чакырып жатабыз.

Анжияндагы митингде иниси менен күйөөсүнө ок тийген Данахан Маматханованын айтымында качкындар бийликтегилер баалагандай «террорист» эмес:

- Каримовдун кылган иши үчүн качкын абалга туш болдук. Бизди «кылмышкер, террорист» дегендер өздөрү кылмышкер. Элге ким биринчи ок атты? Курал кармагандын аты-жөнү, куралдын номери жазылат. Алган кишилерден сурабайбы? Театр, машиналар өрттөндү. Сатып алган машинабызды өзүбүз өрттөйт белек? 10-15 жыл такта отурган кишини шайлап жүрө бериптирбиз, бизге чап салат деп ойлобой…

Хурсан Жороева эне март ыңкылабында качып кеткен Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев элге ок аттырбаганына ыраазы болду:

- Кыргызстанда жаңжал болгондо «адам канын төкпөйм деп, качып кеткен президентиңерге бали дедим да!

Анжияндагы коогаланда уулу окко учкан Хасият Мамарасулова өзбек жетекчилеринин качкындардан кабар албаганына капа:

- Болуптур, президент элди “ат” деп буйрук бербеген экен, анда эмнеге элдин алдына келбейт? Акимдер эмне келишпейт? “Эмнеге качтыңар, мындай абалга кантип туш болдуңар?» деп, эмнеге сурашпайт?

Ал эми Кыргызстандын өзбек улутундагы жараны Муслим Аюпов өзбек бийлигинин экстремизмге каршы күрөшүн колдойт:

- Каримовдун саясаты жакшы. Элди жумуш менен камсыз кылган. Эл өзү жалкоо, иштебейт. Экстремизмди жок кылам дегени туура эле, болбосо хаос, анархия болуп кетет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG