Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

ЖАҢЫ ӨКМӨТТҮН ПЛАНЫ ДУРУС, БИРОК...


24-марттагы бийлик алмашуудан кийинки жаңы өкмөттүн аракети экономиканы өнүктүрүү, коррупциянын тизгинин тартуу, жумушчу орундарын арбын түзүү, салык оорчулугун жеңилдетүү, «көмүскө экономиканы» коңулдан чыгарууга багытталары айтылып келатат. Айтылган сөз иш менен бекемделип жатабы?

Кулаган бийликтин кыргыз экономикасына алып келген чоң зыяны - кирешелүү делген тармактардын текши баарын колго алып, бийликтин бир кишинин колуна топтолгону болду. Өлкөнүн экономикасы реалдуу сектордун өнүгүшүнө, бюджеттин толукталышына иштебей, президенттин үй-бүлөсү менен жакындарынын байышына гана кызмат кылып калганы 3-июнда өткөн Коопсуздук кеңешинде белгиленди.

Бүтүндөй өлкөнүн болгон байлыгынын кыйласын бир колго топтоонун натыйжасы кандай болорун кыргызстандыктар өз жонтериси менен сезишип, андан кутулуунун айла-амалын издешүүдө. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов А.Акаев өлкө экономикасын кантип саналуу адамдардын кызыкчылыгына иштетүүнүн өзүнчө бир системасын ойлоп тапкан деген пикирде:

- Ишине караганда, мүмкүн катуу сөз болор, кылмышкер. Кылмышкер системасын курган киши өзү. Акыл, күч-кубатын – бүт баарын ошого жумшаган. Элди тоноп, сыз жерге отургузуп, көзүнөн кан агызып, бул кандай максат менен кылган, мен билбейм.

Өкмөттүк комиссиянын экс-президент менен анын жакын адамдарынын дүйнө-мүлкүнө айланчыктап алышынын артында азыркы бийлик өкүлдөрүнүн кызыкчылыгы башбактап турганын парламенттик жыйында депутат Өмүрбек Бабанов билдирди:

- Юридикалык тиешеси жок, бирок финансылык жагын текшерип жатышат. Бир жылдык эмес, компания 10 жыл иштесе ошол он жылын текшерип атат. Президенттин үй-бүлөсүнө тиешеси жок компаниялар. Бирок ал компанияларда ошол комиссиянын мүчөлөрүнүн кызыкчылыгы бар экен. Ошону текшерип атат.

Данияр Үсөнов өкмөт быйыл бюджеттен тышкары 5 миллиард сом чогултуу мүмкүнчүлүгү бардыгын, эгер аракет оңунан чыгып калса буга чейин чечилбей, создуктурулуп келген бир топ социалдык маселелер чечилерин маалымдады.

Өкмөт айыл чарба өндүрүшчүлөрүнөн кошумча нарк салыгын албай, тек киреше салыгын 10 пайыз деңгээлинде калтырууну каалайт. Кыйладан бери өкмөт менен парламент ортосунда ары-сүр бери-сүр болуп келаткан мүлк салыгын киргизиштен мурун үч маселенин башын ачып алууну көздөөдө.

Биринчиден, ишканалардын көптөн бери мойнунда артылып келаткан карызын биротоло кечүү, 2006-жылдан тарта салык амнистиясын жарыялоо, капиталды ачыкка чыгаруу маселеси чечилген соң мүлк салыгын киргизип, кирешеден алынчу салыкты эки эсе кыскартуу, кошумча нарк салыгын азайтуу, жеке ишканалардын салык төлөөсүн жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтүүсүн камсыз кылуу милдеттери турат.

Данияр Үсөновдун маалымдашынча, Кыргызстан бюджетинин 80 пайызга жакынын 200 ири компаниядан алынчу салык түзөт. Алар менен өкмөт келишим түзүп, салык чогултуунун жол-жобосун ачык талкуулап алууну көздөөдө. Буга кошумча, банк реформасын тереңдетүү милдети турат. Эгерде бул иш жүзөгө ашса ушу тапта элдин колунда деп эсептелген 10 миллиард сом өлкөнүн экономикасы үчүн ички инвестиция катары кызмат кылар эле.

Ушу тапта өкмөт электрэнергетика тармагындагы техникалык жоготууларды 10 пайыз кыскартууну, алкоголь өндүрүшүнөн салык чогултууну жакшыртууну, сырттан жеке инвестицияны тартууну колго алууда. Жаңы өкмөт башчысы Москвага иш сапары менен болгон маалында орусиялык «Русский Аллюминий» компаниясынын жетекчилиги менен жолугуп кайткан. Максат - «Камбарата – 1», «Камбарата – 2» ГЭСтерин бүткөрүү, аллюминий заводун куруунун жолун издөө.

Өкмөттүн аракет-кыймылдары эларалык финансы уюмдарына көз каранды. Азырынча, Эларалык валюта кору, Дүйнөлүк банк сындуу ири уюмдар жаңы өкмөттүн экономикалык иш-аракетине баа бере элек.

XS
SM
MD
LG