Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Окуу китептерин жазгандар министрликтен акча талап кылышууда


БИШКЕК. 10-июнда Билим берүү министрлигинин алдына жалпы билим берүүчү мектептердин кыргыз тилиндеги окуу китептеринин жоон топ авторлору чогулуп, окуу китептерди жазууга байланышкан маселелерди бир ыктай чечип берүүнү талап кылышты. 5-7-класстардын математика китебинин авторлорунун бири Адылбек Касымовдун билдиргенине караганда, авторлор 2004-жылы окуу китептин ижарасы үчүн чогулган 78 миллион сом каражаттын калган 30 миллион сомун китеп жазууга бөлүүнү талап кылып жатышат. Бирок министрликтин окуу китептерди жазуу ишин тейлеген жетекчилиги жергиликтүү авторлордун кызыкчылыгына чечпей жатат. Ушул эле күнү билим берүү министри Досбол Нур уулу авторлор менен жолугушуп, маселени келерки аптада кеңири талкуулоону убада кылды.

XS
SM
MD
LG