Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Темир жолчулар ачкачылык чарасын улантууда


БИШКЕК. Бишкек шаарынын Горький паркында 7-июндан бери 20 чамалаш киши ачкачылык акциясын өткөрүп жатат. Укук коргоочу «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдрасулованын маалыматына караганда, алар Темир жол тармагына бул тармакты билген кесипкөй жетекчи дайындап берүү талабын коюп жатышат. Ушул эле күнү ачкачылык жарыялаган темир жолчулардын бири Жаныбек Казыбековдун жубайы Гүлбара ачкачылык жарыялап отургандардын ден соолугуна дарыгерлер кызыкдар болбой жаткандыгын, акцияда отургандардын ден соолугу начарлап жаткандыгын “Азаттыкка” билдирди. Темир жолчулардын мурдагы нааразылык акциясынын негизинде буга чейин тармактын мурдагы жетекчиси Нариман Түлеев кызматынан алынып, анын ордуна Кыдыкбек Исаев дайындалган.

XS
SM
MD
LG