Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

Эдил Байсалов Коопсуздук кызмат башчысынын кызматтан кетишин талап кылды


БИШКЕК. Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга ооп келген өзбекстандык жарандардын төртөө Өзбекстандын атайын кызматтарына өткөрүлүп берилгендиги тууралуу маалымат тарады. Бул окуяны жарандык коомдун өкүлдөрү эл аралык нормаларга каршы келген мыйзамсыз аракет катары сынга алып жатышат. «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму менен «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы бул маселе боюнча түшүндүрмө берүүнү сурап, кыргыз өкмөтүнө кайрылаарын билдиришти. Коалиция президенти Эдил Байсалов жаңы өкмөттүн эл аралык коомчулук алдында таза экенин далилдөө үчүн коопсуздук кызматынын башчысы Таштемир Айтбаев кызматынан кетиши керек деп эсептеди:

- УКК төрагасы Таштемир Айтбаев отставкага кетиши керек. Ошондой гана кадам Бакиевдин тиешеси жок болгондугун бизге түшүндүрүп бере алат дагы, ушул кадам менен чечим үчүн жоопкерчиликти бирөө тартышы керек.

Ал эми биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов бул маселе тууралуу кеңири маалымат ала электигин, эгер чын эле ошондой жагдай болсо, аны тыкыр иликтөө керектигин билдирди. Куловдун айтымында, мыйзам боюнча диний же башка максатта куугунтукталгандар өткөрүлүп берилбейт, ал эми кылмыш кылгандар БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгынын катышуусунда өткөрүлүп берилиш керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG