Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:04

Парламент Сурабалдиевдин өлүмүнө байланыштуу кезексиз жыйын курду


БИШКЕК. Депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө байланыштуу Жогорку Кеңеш түштөн кийин кезексиз отурумга чогулду. Бул отурумда ички иштер министри Марат Суталинов, коопсуздук кызматынын башчысы Таштемир Айтбаев маалымат беришти. Айтбаев өлүмдүн себеби тууралуу болжоо эртелик кыларын белгилеп, бирок күнөөкөрдү табуу абийирдин иши экенин билдирди. Кезексиз отурумга булардан тышкары Башкы прокурор Азимбек Бекназаров да катышты. Жогорку Кеңеш кезексиз отурумда Сурабалдиевдин өлүмүнө байланышкан жагдайларды териштирип, үч күндүн ичинде маалымат берүүнү күч бийлигине тапшырды.

Окуяга байланыштуу «Азаттыкка» алгачкылардан болуп пикирин депутат Кубатбек Байболов билдирди:

- Версиялар ар түркүн болушу мүмкүн. Мүлкүн бөлүштүрүүдөн баштаган саясатка чейин. Азыр бир беткей айтыш кыйын. Парламентке шек келип атат да, коркунучтуу болуп атат да. Бир айдын ичинде эки депутатка кол салынып атса, бул албетте карала турган маселе.

Мындан бир ай чамасы мурдараак Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Баяман Эркинбаевге да ок атылгандыгы, андан депутат жеңил жарат алгандыгы маалымдалган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG