Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди атып кетишти


БИШКЕК . 10-июнда чак түштө Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди Бишкектин Пушкин көчөсүндө, Надежда Крупская атындагы орус драма театрынын жанында белгисиз бирөөлөр атып кетти. Денесине, башына тийген бир нече октон Сурабалдиев көз жумган. Ал эми анын айдоочусу жарадар болуп, учурда ооруканада. Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын милициясынын башчысы Өмүрбек Суваналиев бул окуяны буйрутма киши өлтүрүү катары баалап, тергөө иштери башталганын билдирди. Кылмыш иши болгон жерде Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Токон Мамытов, Ички иштер министринин биринчи орун басары Шеркозу Мырзакаримов баш болгон тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү жүрөт. Окуяга күбө болгондор мерседес маркасындагы ак түстөгү автоунаадан Жыргалбек Сурабалдиевге ок атылганын кабарлашууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG