Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:28

Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги Анжиян окуясына иликтөө өзбек бийлиги тарабынан жүргүзүлөөрүн билдирди


Расмий Ташкен эл аралык тергөөчүлөрдү Анжиянга жиберүү сунушун дагы бир жолу четке какты. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги бүгүн атайын билдирүү жасап, иликтөөнү өз күчү менен жүргүзөөрүн кайталады. Минитсрликтин билдирүүсүндө Улуттар уюмунун, ОБСЕнин жана Ташкендеги чет өлкөлүк миссиялардын өкүлдөрү өкмөттүк комиссиянын иши менен тааныша алышат, жана Анжияндын тургундары менен жолугууга мүмкүнчүлүк алышат деп айтылат.

Өзбек бийлиги 13-майда Анжиянда болгон кандуу окуяларда 173 киши мерт кетти деп ырастоодо, оппозиция жана укук коргоочулар болсо окко учкандардын саны 1 миңге жакын деген маалыматтарды берип келе жатышат. БУУ, Евробиримдик, НАТО жана Кошмо Штаттары бир нече убакыттан бери көз карандысыз комиссиянын Анжиянга кое берилишине Ташкенди көндүрө албай жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG