Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

АНЖИЯН КЫРГЫНЫ ТУУРАЛУУ АКШнын ТУРУМУ КАТУУЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Батыш коомчулугу Анжиянда болгон кыргынга эл аралык иликтөө салууну талап кылууда жана ал тууралуу акыркы күндөрдө АКШ жетекчилиги дагы айта баштады. Орусиялык министрлердин пикиринде болсо ал окуяларды тергеп чыгуу - Өзбекстандын ички иши жана элдик толкундоону уюштурууга чечен жоокерлери менен ооган талибдеринин да тийешеси бар болушу мүмкүн.

Май айынын аягында Өзбекстан менен Кыргызстанга америкалык сенаторлор тобу келген, өкүлчүлүктү кеңири белгилүү сенатор Жон Маккейн жетектеген, бирок алар 29-май күнү Ташкенге барганда, аларды өзбек өкмөтүнөн эч ким кабыл албай койгон. Сенаторлор оппозиция өкүлдөрү менен жолугуп, эгер Анжиян окуяларына эл аралык иликтөө салууга уруксат берилбесе, Вашингтон Ташкенге каршы катуу чара көрөт деп кеткен.

7-июнда алты америкалык сенатор президент Жорж Буштун өкмөтүнө кат жолдоду, ага - Өзбекстанга барып келген сенаторлор Жон Маккейн, Жон Сунуну жана Линдси Грэмден тышкары Майк Дивайн, Патрик Лихи жана Жозеф Байден кол койду. Алты сенатордун төртөө - бийликтеги Республикалык партиянын мүчөлөрү. Алардын айтымында, Грузия, Украина жана Кыргызстанда эркиндик үчүн күрөш ийгиликке жеткен учурда өзүнүн жүздөгөн жаранын атып өлтүрүп жана ал окуяны ачык тергөөдөн баш тартып жаткан өзбек өкмөтүн америкалык жетекчилик колдобош керек.

Ошол эле күнү Мамлекеттик катчылыктын өкүлү Шон Маккормак журналисттер үчүн билдирүү жасап, сенаторлордун талабына кошулаарын билдирди:

- Жалпысынан алганда, биз дагы сенаторлор сыяктуу тынчсыздануудабыз. Биздин оюбузча, Анжиян окуялары ачык, көз карандысыз жана ишенимдүү түрдө тергелип чыгыш керек. Андай тергөө иштерине өзбек өкмөтү жана ишенимдүү эл аралык уюмдар менен кошо биз дагы катышууга даярбыз.

Ошол эле күнү Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Хюман райтс вотч" аттуу адам укуктарын коргогон уюм ири доклад жарыялап, Анжиян кыргыны учурунда жүздөгөн адам өлгөнүн билдирди жана анын эртеси Маккормак дагы бир билдирүү жасап, өлгөндөрдүн саны расми Ташкен айткандай 173 адам эмес, бир нече жүз адам экенин АКШ өкмөтү билет деп жарыялады. Анын айтымында, өкмөттүк аскерлер элге каршы ок атканда, көптөгөн жазыксыз адам курман болгон.

Укук коргоочулар жана башка эл аралык уюмдардын айтымында, Анжиян кыргыны тууралуу чындык айткандар өзбек жетекчилиги тарабынан катуу куугунтуктоого алынууда жана Маккормак мырза 9-июнда ал тууралуу да тынчсыздануусун билдирди:

- Кыргын тууралуу өз пикирин айткан укук коргоочулар жана журналисттердин оозун жаап, аларды коркутуп-үркүтүп, камап салабыз деген өзбек өкмөтүнүн аракеттери бизди өтө тынчсыздандырат. Сөз эркиндиги тууралуу биздин турумубуз баарыга белгилүү жана мындай абал өтө опурталдуу.

Анжиян окуялары боюнча Өзбекстанда атайын парламенттик комиссия түзүлгөн жана Ташкен - анын ишине көзөмөл сала турган башка бир комиссияга чет өлкөлүк эксперттер да кириши мүмкүн деп билдирди, бирок АКШ, мисал үчүн, андай сунушту четке какты. Европа Биримдиги, НАТО, бир топ башка уюмдар жана саясатчылар көз карандысыз эл аралык тергөө жүргүзүүнү талап кылууда.

Мындай абалда дүйнөлүк коомчулуктун пикирине маскөөлүк министрлердин айткандары карама-каршы келүүдө. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2-июнда Владивосток шаарында өткөн орус, кытай жана индия министрлеринин жыйынында - Анжияндагы окуяларга чечен жана талиб экстремисттеринин да тийешеси бар болгон деп жарыялап, ал пикирин 4-июнда Астанада өткөн Шанхай кызматташуу уюмунун жыйынында да кайталады. 9-июнда болсо Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Брюсселде өткөн НАТО-Орусия кеңешинин жыйынынын алдында Анжияндагы кыргындын себептерин Өзбекстан өзү гана тергөөгө тийиш деп билдирди.

XS
SM
MD
LG