Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

АЙРЫМ ПАРТИЯЛАР БАКИЕВ-КУЛОВ КЕЛИШИМИНЕ МАКУЛ ЭМЕС


Кыргызстан элдик кыймылына кирген бир катар партиялар Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов 12-майда кол койгон меморандумга карата терс пикирлерин айтып чыкты. Анда меморандумдун Конституцияга каршы келээри белгиленген. Мындай карама-каршылык эки лидер жетишкен ынтымакка доо кетирбейби?

Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов кол койгон меморандумду жалпысынан эл колдоп, бирок документтин юридикалык жагында кенемте арбын экени коомчулук тарабынан белгиленген. Курманбек Бакиев менен ыңкылап шартында бийликке келген бир катар таасирлүү саясатчылар да дароо эле меморандумга нааразылык билдиришкен. Натыйжада алар менен Бакиев жаңы меморандумга кол коюуга барган.

Ал эми Кыргызстан элдик кыймылына кирген бир катар саясий партиялар ушул жумада билдирүү менен чыгып, меморандумдун Конституцияга каршы келээрин жарыялады.

Кыймылга кирген “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев меморандумдун айрым жоболору тууралуу буларды билдирди:

- Биринчиден, Конституцияда дагы, бир дагы мыйзамда баш министр кетсе, анда президент кетиш керек деген жок. Булар өздөрү эле Конституциядан бийик, Конституцияда жок нерселерди жазып жатпайбы - Куловдордун кысымы менен. Экинчиден, эки киши чогулуп алып, келишим түзүп Конституцияга сөзсүз мындай өзгөртүүлөрдү киргизебиз деген нерсе Конституцияда да, мыйзамдарда да жок. Бирок алар ушинтип жазып жатышпайбы.

Мындай билдирүү чыкканга чейин 8-июнда Феликс Кулов маалымат жыйынын өткөрүп, «айрым маалымат каражаттары Курманбек Бакиев экөөбүздүн макулдашуубузду жаманатты кылууга аракеттенүүдө. Бирок экөөбүздүн ортобузга эч ким чок таштай албайт” деп билдирген эле.

Феликс Куловдун жакын шакирттеринин бири, “Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев Кыргызстан элдик кыймылына кирген партиялардын билдирүүсүн мындай баалады:

- Жаза берет. Ар ким өзүнүн акыл-эсине жараша иш жасайт. Алар ушинтип келишимге доо кетирип, аны бузабыз деп ойлойт. Алардын максаты ошол. Менин оюмча, Бакиев деле, Кулов деле айтты - бул эч качан ишке ашпайт деп. Алардын ортосуна чок салып, экөөн ажыраталы деген максат эч качан ишке ашпайт, деп ойлоймун.

Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ортосунда түзүлгөн меморандум саясий келишим экенин Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев белгиледи:

- Меморандумдун юридикалык күчү жок. Бирок саясий күчү бар. Экөө чогулуп сүйлөшүштү. Аны кандайдыр бир деңгээлге алып чыгып, ушунун тегерегинде чуу салган туура эмес. Бул эки саясатчынын сүйлөшкөн, кол беришкен жигиттик сөздөрү.

Анын пикиринде, Курманбек Бакиев да, Феликс Кулов да жоопкерчиликтүү саясатчылар. Ошондуктан алар жетишкен келишимди сакташат.

11-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка талапкерлердин бешөөсүн каттады. Эми 13-июнда Курманбек Бакиев расмий түрдө талапкер болуп катталып, андан кийин эс алууга кетмекчи. Кыргызстан элдик кыймылына кирген партиялар Бакиевдин кызмат ордун таштап, шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүсүнө каршы болушууда. Бирок Бакиев 10-июнда Баткен облусунда эл менен жолугушууда шайлоо өнөктүгү учурунда премьер-министр кызматынан эс алууга чыгаарын, ал эми президенттин милдетин аткаруучу катары кала берээрин маалымдаган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG