Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

КАРАСУУ БАЗАРЫНЫН КЕҢСЕСИН БАСЫП АЛЫШТЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Фергана өрөөнүндөгү эң ири базарлардын бири - Карасуу базарынын администрациялык имаратын жүз элүүдөн ашуун спортсмен балдар басып алышты. Өздөрүн Элдик кошуун деп жарыялашкан бул топ базарга көзөмөлдүк кылат деп эсептелинген депутат Баяман Эркинбаевдин ээликтерине каршы талаптар менен чыгышууда.

Элдик кошуун деп аталган уюмдаштыктын лидерлеринин бири Базарбай Бейшебаев Карасуу базары алардын колуна өткөндүгүн жарыялоо менен базарды басып алууга негиз болгон себептерди бизге төмөндөгүчө түшүндүрүп берди:

- Биз жөндөн-жөн келип эле базарды басып алган жокпуз. Ар нерсеге себептер болот. Өтө чоң каталар кетирилген, зордук-зомбулуктар болгон. Ушул күнгө чейин Баяман элди коркутуп-үркүтүп, сүйлөтпөй келген. Мага элдер “мен муну айтсам мени өлтүрүп койбойбу” дешип келишет.

Базарды ээлеп алган топтун өкүлдөрү мурдагы базар жетекчилигинин ишин текшертүү максатында мамлекеттик комиссия түзүү талабы менен өкмөткө кайрылуу жолдошкондугун билдиришти. Ал эми базардагы коопсуздук чаралары боюнча Элдик кошуундун мүчөсү Айтмамат Кадырбаев мына буларга токтолду:

- Сөздөр болуп атыптыр, бул жерде согуш болуп атат, контейнерлер уурдалып-тонолуп атыптыр деген. Мунун баары жалган. Биз элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Элдерди толук ишендирип кете алабыз, базар мурда кандай иштесе, бүгүнкү күндө ошондой нукта иштеп жатат.

Базардын алдындагы митингде сөз сураганы келген депутат Баяман Эркинбаевдин бир тууган эжеси Зулфия Эркинбаеваны аялдардын тобу жыйындан кубалап чыгышты. Спорттук дене түзүлүштөгү онго жакын бала ал минип келген автоунаасынын терезесин чагып сындырышып, көңтөрүп салышты.

Окуяга күбө болгон митингдин катышуучуларынын бири Гүлчахра Абдыжалиева мындай тартипсиздике жол берилбеш керек эле деген пикирин билдирди:

- Мындай тополоңго кирип калдым. Балдар машинаны аңтарышып, элди депутаттын эжесин ургула деди. Жөн эле Баямандын эжесине асылышы туура эмес. Биринчи ага түшүндүрмө бериш керек эле.

Карасуу базарында соода кылган Шахноза Мамажанова кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө көмөктөшүүчү үчүнчү тараптын жок болуп жатышы абалдын курчуп, коркунучтуу мүнөзгө өтүп кетишине себеп болушун эскертти:

- Ал жерге Зулфия эже келди. Ким ыраазы эмес болсо арыз жазып кол койгула Баяманга жөнөтөм деди. Тынчтык жол менен чечсе деле жакшы болмок. Элди ургула, сабагыла десе эле баары кетип атат.

Болуп жаткан окуяны байкоого алып турган милиция кызматкерлери кырдаалды жөнгө салуу боюнча активдүү аракеттерге бара алган жок. Карасуу районунун акими Абибулла Бабанов жана ички иштер бөлүмүнүн башчысы Курсан Асанов аталган окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

XS
SM
MD
LG