Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Түркмөнстандын мурдагы вице-премьери Йоллы Гурбанмурадовко чет өлкөлүк атайын кызматтарга жардам берген деген айып тагылууда


Өлкөнүн Коопсуздук кызматынын жетекчиси Аширмухамедовдун айтымында Гурбанмурадов Түркмөнстандын стабилдүүлүгүнө шек келтирүүгө аракеттенип келген. Өткөн октябрда чет элдик чалгындоо кызматтары экс-вице-премьерге Интернет аркылуу жиберген маалыматында газ менен мунайды арзаныраак сатуунун жолдорун түшүндүрүп, кеңеш беришкен, - деди Аширмухамедов.
Кайсы мамлекеттин чалгынчылары жөнүндө сөз болуп жатканын министр тактаган жок.

Бир нече жыл бою Түркмөнстандын мунай жана газ тармагы үчүн жооп берген Гурбанмурадов өткөн айда ишинен алынып, ага кызматынан пайдаланып, мыйзамсыз иштерге жол берген деген айып тагылган.

XS
SM
MD
LG