Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Ооганстанда италиялык гуманитардык кызматкер Клементина Кантонини уурдоого байланышы бар 5 киши кармалды


Бул тууралуу ооган өкмөтү кабарлады. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Лутфулла Машал Кантони барымтадан бошотулаардын алдында бир нече киши абактан кое берилгендигин мойнуна алды. Машал барымтачылардын бирисинин энеси жана дагы 3 киши азат кылынганын, бирок мунун Клементина Кантонинин бошотулушуна тиешеси жоктугун белгиледи. Тимур Шахтын энеси 3 киши менен кошо сурак берүү үчүн кармалып келген. Алар мурдараак бошотулмак, бирок Кантонинин барымтага алынышына байланыштуу өкмөт кое турууну чечкен, - деди өкмөттүн өкүлү.

КЭРЕ соопчулук уюмунун Кабулдагы кызматкери, италиялык жаран Клементина Кантони 24 күндүк барымтадан мурдагы күнү бошотулуп, кечээ мекенине кайтып барды. Айтмакчы, италия телекөрсөтүүсүнө берген интервьюсунда Клементина Ооганстанга кайра бараарын айтты.

XS
SM
MD
LG