Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Ж.Сурабалдиевге кол салгандар изделүүдө


БИШКЕК. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан маркум Жыргалбек Сурабалдиевге кол салган кылмышкерлер изделүүдө. Ал эми мамлекеттик автоинспекциясы тарабынан шектүү делген ак түстөгү “Мерседес” автоунаасын издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан 11-июнда билдиришти.

10-июнда чак түштө Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди Бишкектин Пушкин көчөсүндө, Надежда Крупская атындагы орус драма театрынын жанында белгисиз бирөөлөр тапанча менен атып кеткен. Денесине, башына тийген бир нече октон Сурабалдиев көз жумган. Ал эми анын айдоочусу жарадар болуп, учурда ооруканада.

XS
SM
MD
LG