Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:16

Президенттикке талапкер У. Барктабасов Казакстандын атуулдугун алгандыгы тастыкталды


БИШКЕК. Кыргызстандын өлкө башчылыгына талапкерлердин бири «Мекеним-Кыргызстан» кыймылынын төрагасы Урмат Барктабасов 2003-жылдын 27-августунда Казакстандын атуулдугун алган. Бул тууралуу расмий түрдө Казакстандын Жамбыл облусунун ички иштер башкармалыгынан Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына билдирилди. Мындай маалыматты камтыган расмий документтер 11-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттикке талапкерлерди каттоо боюнча отурумунда каралды. Ал документтер боюнча Урмат Барктабасов 1999-жылы Беларус, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын ортосунда кол коюлган атуулдукту жеңилдетилген тартипте алуу жөнүндөгү Макулдашуунун негизинде алган. Казак паспорту боюнча ал Жамбыл облусунунун Курдай районунун Сортобе айылынын Ленин көчөсүндө жашайт деп катталган. Ал эми 2003-жылы Барктабасов Кыргызстандын ички иштер органдарына кайрылып, мурдагы паспорту жоголгон деген себепти айтып, кыргыз паспортун алган. Анын ыйгарым укуктуу өкүлү Замирбек Тыныбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Барктабасов Казакстандын өкүлү эмес деп билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясы Барктабасовду президенттикке талапкер катары каттоо маселесин 13-июнда карай турган болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG