Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:01

ӨЗӨКТҮК АГЕНТТИКТИН БАШЧЫСЫ ЭЛБАРАДЕИ КЫЗМАТЫНДА ДАГЫ КАЛА ТУРГАНДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага 13-июнда Вена шаарында Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин жалпы жыйыны башталат жана анда карала турган негизги маселе - агенттиктин төрагасы Мохамед Элбарадеини кайрадан кызматка шайлоо. АКШ акыркы алты айдан бери ага каршы чыгып келген, бирок 9-июнда Элбарадеини мамлекеттик катчы Кондолиза Райс кабыл алып, ага колдоо көрсөттү.

9-июнда Вашингтон шаарында Кондолиза Райс менен Мохаммед Элбарадеи жолукканда, ал жолугушууга Райстын жаңы орун басары Роберт Жозеф дагы катышты. Ал курал маселелерин көзөмөлдөйт жана бул орунда - АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү болуп дайындалган Жон Болтонду алмаштырды, Элбарадеини болсо кызматтан дал ошол Болтон алып салууну көздөгөн. "Вашингтон пост" гезити 8-июнда жазып чыкканга караганда, Элбарадеини кайрадан кызматка шайлабоо үчүн Болтон бардык мүмкүн болгон жана мүмкүн эмес чараларды көргөн, бирок акыр-аягында кызматтан Болтон өзү кетип, Бириккен Улуттарга которулду.

9-июндагы жолугушуудан кийин Кондолиза Райстын басма сөз катчысы Шон Маккормак журналисттерге маалымат берип, сүйлөшүү учурунда Райс айым Элбарадеинин кызматта калышын колдоду деп билдирди. Анын айтымында, эки тарап тең Ирандын атом изилдөөлөрү тууралуу тынчсыздануу билдирип, өзөктүк куралды дүйнөгө жайылтпоо үчүн бардык мүмкүн болгон аракет көрүлөөрүн айтты:

- Көп жылдар бою Иран жүргүзгөн өзөктүк изилдөөлөрдөн биз шек санап келгенбиз, жолугушууда дал ошол маселе талкууланды жана биздин дагы, Агенттиктин да ишинде келечекте ага өзгөчө көңүл бурулат. Андан тышкары Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимдин кошумча протоколун кеңири колдонуу жана уранды байытуу иштери менен пайдаланылган өзөктүк отунду кайра иштетүү жараяндарына көзөмөл салуу маселелери каралды.

Ал кошумча протокол боюнча, келишимге кол койгон мамлекеттерге эл аралык инспекторлор келип, келишимдин аткарылышын жана өзөктүк изилдөөлөрдүн абалын текшерүүгө укуктуу.

АКШ жетекчилиги менен Мохамед Элбарадеи ортосундагы мамилелер мындан алты ай мурда бузулган жана Вашингтон анын агенттиги менен маалымат бөлүшүүдөн да баш тарткан. Агенттик өзү тапкан маалыматтарга караганда, Иран 18 жылдан бери жашыруун түрдө өзөктүк изилдөө жүргүзүп келген жана аны уккан Вашингтон дароо Тегеранга каршы катуу чара көрүүнү талап кылган. Бирок Элбарадеи ага барган эмес, анткени андай өзөктүк изилдөөлөр аскерий максатты көздөгөнү далилденген эмес.

Ага чейин деле Элбарадеи менен АКШ ортосундагы мамилелер бир топ бузулган, анткени Иракта өзөктүк курал бар жана Багдад аны качан болбосун колдонушу мүмкүн деген маалыматтан Элбарадеи күмөн санап келген. Ошондуктан үстүбүздөгү жылдын апрелинде Жон Болтон Конгрессте чыгып сүйлөгөндө, Элбарадеи кайрадан Өзөктүк агенттиктин башчысы болуп дайындалбаш керек деген талап койгон, бирок ага расми себеп катары - Элбарадеи ал кызматта эки мөөнөт иштеп бүткөнүн келтирген.

Анткен менен Элбараденинин ордунда калып жатканына - кызматтан Болтон кеткенден башка да шарттар себеп болду. АКШнын каршылыгына карабай, Өзөктүк кубат агенттигинин башка мүчө-мамлекеттеринин баары Элбарадеини колдоого алган жана АКШ каршы добуш берсе дагы ал баары бир кызматта калтырылмак, ошондуктан Вашингтон анын талапкерлигин колдоого аргасыз болду, бирок келечектеги кызматташуу боюнча өз шарттарын койду.
XS
SM
MD
LG