Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

Пикетчилер Каракечеге Бакиевдин келишин талап кылышууда


БИШКЕК. Каракече көмүр кенин басып алган Жумгал районунун 300дөй тургуну Курманбек Бакиевдин келишин талап кылышууда. Каракечеде турган пикетчилердин “Жоомарт” кыймылынын өкүлү Урматбек Муслим уулу 12-июнда билдиргенге караганда, Каракечеге жиберилген өкмөттүк комиссияга кенди басып алгандар ишенбейт. Каракечеге барган комиссиянын катарындагы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, ал жерде турган 100-150дөй жаш балдардын сөз уга турган түрлөрү жок болгондуктан, комиссия мүчөлөрү Жумгалдын аксакалдары менен сүйлөшүп кайтышты. “Жоомарт” кыймылы билдиргенге караганда, пикетчилер комиссия “Бешсары” фирмасынын жетекчиси Камчыбек Жолдошбаевдин кызыкчылыгын көздөйт деген маалымат түшкөндүктөн, комиссиянын мүчөлөрү менен сүйлөшүүдөн баш тартышкан. Нарын облусунун губернатору Азылов 11- июнда Жумгал районунун элинин талабы туура деген оюн билдирген. Губернатордун пикиринде, Каракечеде көмүр казып аткан фирмалардын кимге таандык экенин атайын комиссия иликтеши керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG