Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Ж. Сурабалдиевдин сөөгү жерге берилди


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди акыркы сапарга узатуу аземи болду. Анда Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаев жана бир катар коомдук ишмерлер сөз сүйлөштү. Жыргалбек Сурабалдиевдин сөөгү Ала- арча көрүстөнүнө коюлду. Депутатты 10-июнда түш ченде Бишкектин чок ортосунда орус драма театрынын жанынан белгисиз бирөөлөр тапанча менен атып кеткен. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргенге караганда, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кылмышкерлерди жана шектүү делген ак түстөгү “Мерседес” автоунаасын издеп жатат. Кыргыз парламенти окуя болгон күнү чукул жыйын өткөрүп, депутатты өлтүргөндөрдү 3 күн ичинде табууну укук коргоо органдарына тапшырган.

XS
SM
MD
LG